Көкжал жана таш бака



Бир жолу токойдо кургак чөптөр күйүп, өрт чыкты. Бардык айбанаттар коркуп, ар кимиси туш келген тарапка качып жөнөштү. А байкуш ташбака кыска буттары менен оттон кантип качып кутулат эле?

Өрт улам ташбакага жакындап келатты, дагы бир ирмем, анан кыбыраган ташбака алоолонгон өрттүн ичинде калчудай болуп турат. Ошол учурда анын жанынан көкжал чуркап өтүп калды. Ташбака:

– Досум, мени ая, оттон сактап кал! – деп суранды.

Көкжал күлгөн бойдон аны карабай, андан ары чуркап кете берди.

А өрт болсо абдан жакындап калды.

Ташбака эки жагын караса, кабылан келатыптыр. Үмүтүн үзбөй андан да “мени оттон сактап калчы”, -деп суранды. Кабылан ташбаканы көтөрүп, дарактын бийик бутагына отургузуп койду. Качан гана өрт өчүрүлгөндөн кийин кайра келип, ташбаканы жерге түшүрдү.

– Жакшылык кылганыңа ыраазычылык билдирүүгө уруксат бер, – деди ташбака.

Ал күйгөн чөптөрдүн күлүн чогултуп, сууга аралаштырып алып келип:

– Сен абдан боорукерсиң, ошондуктан, кийимиң да кооз болушу керек, – деди да, колундагы күл менен суунун аралашмасынан кабыландын денесине укмуштуудай кооз кара оймолорду тарта баштады. Ошондон кийин кабылан азыркыдай сулуу болуп калган экен.

Көкжал сулуу болгон кабыланды көрүп калып, таң калып сурады:

– Досум, мындай кооз кийимди кайдан алдың?

– Ташбака курбум бул кийимди мага белек кылды, – деп жооп берди анда кабылан.

Көкжал дароо ташбакага чуркап барып, “мага да кабыландыкындай кооз кийим белек кылчы”, – деп сурана баштады.

– Сенин жүрөгүң мерез, – деп жооп берди ташбака, – ошондуктан, кийимиң да башкача болот.

Ташбака көкжалдын терисине одоно көрүнгөн кара сызыктарды тартып таштады.

Ошентип, көкжал кунарсыз көрүнгөн жырткыч болуп калган экен.

Leave a Reply

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *