Түлкү көкжалды кантип алдады?



Бир жолу түлкү көкжалга кайрылды:

– Жүрү мени менен, мен сага кайсы жерден курсакты кампайта турган даамдуу тамак-аш табууга боло турганын көрсөтөм.

Көкжал бул сөздү угуп абдан кубанды да, түлкүнү ээрчип жөнөдү. Түлкү көкжалды көп кой камалып турган короого алып келди. Бирок короонун эшиги жабык болчу, дайыма түнү эшикти бекитип коюшчу. Түлкү менен көкжал кашааны айланып ары-бери басып атышып, ичкери кирүүгү мүмкүн болгон оюкча таап алышты. Бир канча койду өлтүрүп, этине болушунча тоюшат.

Түлкү кайра короодон чыгуу керектигин эстеп, эттен ашыкча жеген жок. Курсагын кампайтары менен оюкчага барды да, бир-эки булкунары менен короонун сыртына чыга түштү.

А көкжал бул тууралуу ойлонгон да жок, эси-дарты этте болуп, дагы деле жалмап атты. Качан гана курсагын көтөрө албай калганда, короодон чыгайын деди. Бирок, мында абал такыр башка болуп кеткен эле! Ашыкча этке шыпкалган курсагы чандайып кеткендиктен, оюкчага башы батса да, курсагы батпай койду.

Ошентип, көкжал короонун ичинде кала берди.

Эртең менен короодогу койлордун кожоюну келди, караса эле көкжал отурат! Таякты ала салып, көкжалды эптеп суурулуп чыгып, качып кеткенинче жон талаштыра чаба берди, чаба берди.

Көкжал бутун сүйрөп араң басып, түлкүнү издеп жөнөдү.

Түлкү болсо алыс жактан көкжалды көрүп, жерге жата калып, онтолоп кирди:

– О, эжекем менин, алар мени аз жерден өлтүрүп кое жаздашты! Өх, бүт денем зыркырап ооруп атат, өх, денем жанчылды! Бир кадам да баса албай калдым! Эжеке, үйгө жетишиме жардам берип коюңузчу!

Көкжал түлкүнү жонуна артып алып, үйүнө жеткирди. Үйүнө жетип алгандан кийин түлкү каткырып, ырдап баштады:

– Таяк жеген таяк жебегенди көтөрүп жеткирди! Таяк жеген таяк жебегенди көтөрүп жеткирди!

 

Көкжал ырды угуп калды. Ачуусунан кара көк тарта, түлкүнү кубалап жөнөдү. Түлкү үңкүргө кире качты. Артынан көкжал чуркады. Тулкү какыйып тура калды да, эки колдоп үңкүрдүн шыбын кармады.

– Эжекем менин, мени ылдый тартпа, болбосо шып кулап түшүп бизди басып калат! Андан көрө мага шыпты кармашканга жардам бер! Биринчи шыптын кулаганын токтотуп алалы, анан мени каалашыңча сабай бересиң. Сен кармап тур, а мен барып шыпты тирегенге казык алып келе коеюн.

Көкжал макул болду, эки колу менен шыпты кармады. А түлкү “шып” коюп үңкүрдөн чыкты да, артын карабай безген бойдон кетти.

Көкжал шыпты кармаган бойдон турат. Түлкү азыр казык алып келет деген ойдо чыдамдуулук менен күтүп атты.

Бул убакта үңкүрдө жашачу маймыл үйүнө кайтып келди. Шыпты кармап турган көкжалды көрүп абдан таң калып, сурады:

– Сен эмне кылып атасың?

– Шыпты кармап турам! Түлкү кармап турбасаң, кулап кетет деп айтты. Ал казык алып келгенге чуркап кеткен. Балким, казык менен тиресек шып кулабай токтоп калаар, – деп жооп берди көкжал.

Аны угуп маймыл күлүп жиберди:

– Кое бер! Шып бекем турат, кулабайт.

Көкжал түлкүнүн кылыгына мурункудан да катуу ачууланды. Кармап алып, аябай сабагысы келип издеп жөнөдү. Караса түлкү аңдын четинде отуруп, өзүнчө эле бирдемелерди сүйлөп атат. Аңда аарылардын уюгу бар эле, бирок көкжал аны билбейт болчу.

– Кармалдыңбы? ! – көкжал каардуу кыйкырды. – Күнүң бүтөөрүнө аз калды!

Түлкү күнөөлүү сүйлөдү:

– Ооба, мен чынында абдан жаманмын. Билем, мени кечирүү мүмкүн эмес. Бирок, бүгүн майрам, карасаң, балдар ырдап атышат, мен дагы ырдап атам. Көрүп атасыңбы, колумда китеп бар, мен аны окуп Кудайга жалынып атам.

Көкжал аарылардын ызылдаган үнүн угуп калды.

– Угуп атам, чын эле ырдап атышат!

– Ошон үчүн мени бүгүн өлтүрбөй тур деп сенден суранып атам, эртеңкиге чейин күт! Андан көрө китепти алып, биз менен бирге Кудайга жалын, – деди анда түлкү.

Көкжал таң калды:

– Китепти кайдан алам?

– Аңдын ичинде бар, – деди түлкү, – Каалаганыңды тандап ал, китептен көп неме жок.

Ага ишенген көкжал аңга жылмышып түшүп кетти. Аарылар тынчтыгын бузган көкжалга ачууланышып, туш-туштап талап киришти. Көкжалдын бүт денесин чагып салышты. Бул убакта түлкү эбак эле качып кеткен болчу.

One thought on “Түлкү көкжалды кантип алдады?”

Leave a Reply

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *